13:30 15 апреля 2019

Андижан медициналык колледжинин делегациясы ОшМУда болушту

Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана ОшМУнун 80 жылдык мааракесине карата «Учурдагы орто медициналык окуу жайларындагы билим берүүнүн эффективдүүгүн көтөрүүдөгү актуалдуу маселелер» аттуу илимий жумалыктын алкагында 12-апрелде ОшМУнун медициналык колледжине Өзбекстандагы Андижан медициналык колледжинин директору Марифжон Бувабеков баштаган 20 адамдан турган делегация тажрыйба алмашуу максатында келишти.

Алгач келген коноктор ОшМУнун бащкы имаратында болушуп, университеттин 80 жылдык тарыхы камтылган музейи менен таанышышты. ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Бөжөнов, ЖОЖго чейинки даярдоо департаментинин директору Тажимамат Эркабаев менен университеттин миссиясы, аткарылып жаткан иштер, келечек пландары боюнча маалымат алмашышты.

Иш-чаранын алкагында ОшМУнун медициналык колледжинде 2 окуу жайдын кызматташуусу жана мындан аркы мамилелерин чыңдоо максатын көздөгөн тегерек стол болуп өттү. Ошондой эле медициналык колледжинин материалдык-техникалык базасы жана окуу процессинин өзгөчөлүктөрү менен таанышышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

ОшМУда «Эл дөөлөтү – эне тил» аттуу фестивал-сынактын гала концерти өттү

Ош улуттук драма театрында ОшМУнун Киноакадемиясы «Төрт адам» драмасын тартуулады

ОшМУнун ректору тышкы мобилдүүлүктөн өтүп келген студенттер менен баарлашты

ОшМУ Түштүк-Урал мамлекеттик университетинин ректоруна «ОшМУнун ардактуу профессору» наамын ыйгарды

Ошто студенттер арысында волейбол боюнча таймаш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up