И.Раззаков атындагы КМТУнун студенттери үчүн 15-апрелде сууда сүзүүнүн коопсуздук эрежелери жана чөккөн адамды куткаруу жолдору көрсөтүлдү.
Окуу жайдын студенттерине чөгүп бара жаткан адамды кантип куткаруу керектиги, биринчи жардамды туура берүү туурасында маалыматтар айтылды. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерди кызыктырган суроолор берилип, аларга Суучулдар мектебинин мугалими Азамат Мырсалиев жооп берди.
Иш-чара ӨКМ тарабынан сууда сүзүүдөгү кырсыктардын алдын алуу максатында уюштурулду.