14:17 15 апреля 2019

ЖАМУда Н.Пржевальскийдин 180 жылдыгы белгиленди

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Р. Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында Н.Пржевальскийдин 180 жылдыгы белгиленди. Иш-чарага Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти О.Тогусаков, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору К.Садыков, Ош юридикалык институтунун ректору Э.Токторов, Ош техникалык университетинин ректору А.Абидов катышты.

ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор К.Усенов Пржевальскийдин өмүр таржымалына токтолуп, Азиядагы зор чөлдөргө, анын ичинде табышмактуу Гоби аймагына биринчи болуп илимий мүнөздөмө бергенин баса белгиледи.

Н.Пржевальский Кытайдагы эң ири дарыялар — Янцзы жана Хуанхэ башталган жерлерге барган, Борбордук Азиядагы эң чоң Тарим дарыясын сүрөттөп жазган. Мына ушулардан кийин гана Борбордук Азиянын анык картасы түзүлгөн. Ал Азиядагы элдердин үрп-адаттарын, аба ырайынын өзгөчөлүктөрүн кунт коюп байкаган. Пржевальский өз экспедицияларында чогулткан коллекцияларды илимпоздор жылдап изилдешкен. Пржевальскийдин изилдөөлөрүнө чейин Борбордук Азиянын өсүмдүктөрү менен жаныбарлары тууралуу маалыматтар өтө аз жана чар-жайыт болгон. Пржевальский жыйнаган гербарий 15 миңден ашуун өсүмдүктү камтыган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть