Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Академиясы төмөндөгү профессордук-окутуучулук курамдагы бош кызматтык орундарга сынак жарыялайт. Учурда 6 кызматтык орун бош турат.
Бош кызматтык орундардын тизмеси:
Тилге даярдык кафедрасы:
- профессор - 1;
- ага окутуучу - 1;
Жарандык-укуктук сабактар кафедрасы:
- окутуучу - 2
Дене тарбияга даярдык кафедрасы:
- окутуучу - 2
Профессордук-окутуучулук курамга квалификациялык талаптар:
- Профессор кызматтык бош орунга төмөндөгү квалификациясы бар адистер катыша алышпт: илимий наамы, илимий-педагогикалык же ИИОдо 10 жылдан кем эмес иш практикалык тажрыйбасы бар адистер (илимий даражасы же илимий наамы барларга артыкчылык берилет;
- Ага окутуучу кызматтык бош орунга төмөндөгү квалификациясы бар адистер катыша алат: илимий-педагогикалык же ИИОдо 5 жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасы бар адистер.
- Окутуучу кызматтык бош орунга төмөндөгү квалификациясы бар адистер катыша алат: илимий-педагогикалык же ИИОдо 1 жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасы бар адистер.
Бардык талапкерлер 1 ай ичинде жазуу түрүндө арыз менен ИИМдин Академиясына кайрылып, керектүү иш кагаздарын тапшыруусу зарыл.
Сынакка талапкерлерди кабыл алуу жана иш кагаздарын топтоо 11-апрелден 12-майга чейин жүргүзүлөт.
Сынактын катышуучулары төмөнкү текшерүүлөрдөн жана сынактардан өтүшөт:
- аскердик-дарыгерлер комиссиясынын аныктамасы (ВВК);
- дене тарбиялык даярдыгын текшерүү (ССК);
- негизги жана предметтик жазуу тести;
- аңгемелешүү