Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттерине Башкирия мамлекеттик университетинин доценти лекция окуду. Бул тууралуу «География» кафедрасынын окутуучусу Анара Керимбекова кабарлады.
М.Акмуллы атындагы Башкирия мамлекеттик университетинин «Экология, география жана жаратылышты пайдалануу» кафедрасынын башчысы биология илимдеринин кандидаты, доцент Гатин Ильшат Мансурович ТТФнын «География» кафедрасынын студенттерине «Организация непрерывного эколого-географического образования» деген темада лекция окуп, мобилдүүлүк боюнча кеңештерин берип, студенттер менен ой бөлүштү. Ошондой эле окуу жай жөнүндө маалымат берип, кафедранын студенттерин билимин тереңдетүү максатында мобилдүүлүктөн өтүүгө чакыруу менен М.Акмуллы атындагы БМПУдан атайын даярдалып келинген календарь жана чакыруу бакарчаларын таратты.