15:11 19 апреля 2019

Андижан мамлекеттик университети менен ОшМУнун окутуучулары тажрыйба алмашты

З.Бабур атындагы Андижан мамлекеттик университетинин билим берүү сапатын текшерүү бөлүмүнүн башчысы Дильшадбек Нурматов жетектеген делегация 18-апрелде ОшМУда болушту. Делегациянын курамын физика-математика факультетинин деканы, кадрлар бөлүмүнүн башчысы жана сапатты текшерүү бөлүмүнүн башкы адистери түзүшүп, алар алгач университеттин окуу иштери боюнча проректору Замирбек Бөжөнов менен жолугуп, пикир алышышты.

Иш сапардын алкагында коноктор университеттин тарыхы камтылган музейи, Дата борбору, электрондук башкаруу системасы, бирдиктүү терезе, илимий китепкана, медиа борборлор менен таанышып, бардык окуу имараттарында да болушту.

Ошондой эле ар бири өзүнүн тейлеген аймактары боюнча кадрлар башкармалыгы, аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментинде, математика жана маалыматтык технологиялар факультеттеринде болушуп, иш кагаздарын жүргүзүү, аткаруу тартиптери, автоматташтырылган системанын жардамында иш жүргүзүү эрежелери менен таанышып, конок лекцияларды өтүштү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть