Ош мамлекеттик университетинин математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин окутуучулары Фергана мамлекеттик университетинин физика-математика факультетинде конок лектор болуп келишти.
Аталган факультеттин окутуучулары, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Нуркасым Аркабаев «Работа с файлами в Delphi», физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Айзат Тойгонбаева «Использование приложения Kahoot в курсе дифференциальных уравнений», физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Жылдыз Артыкова «Применение возможностей Web технологии при разработке электронно-учебных материалов» деген темаларда лекция окушту.
Ошондой эле факультеттин окутуучулары, студенттери менен жакындан пикир алышып, мындан ары да кызматташтыктар боюнча пикир алышып кайтышты.