18:11 23 апреля 2019

ОшТУнун жаш ойлоп табуучулары эл аралык сынакта 1-орунду ээлешти

Автор: ЖАШТЫК ТВ

Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызпатент, Улуттук илимдер академиясы жана «Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясы тарабынан Ысык-Көл областында 16-19-апрелде «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» аталышындагы эл аралык сынак өткөрүлдү.

Сынакка Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан мамлекеттеринен келген 300дөн ашуун жаш ойлоп табуучулар катышышты. Кароо-сынакта катышуучулар 5 номинация боюнча долбоордук, ойлоп табуучулук жана техникалык жөндөмдүүлүк жаатында күч сынашты. Интеллектуалдык таймашта ОшТУнун мектеп лицейинин окуучулары Абдыкааров Азирет жана Жороев Бекзат «Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер» номинациясында эң алдыңкы сапты ээлеп, I даражадагы дипломго ээ болушту. Иштин аталышы – «Кыргызстандын тоолуу карьерлери үчүн ташуу-жүктөө жабдуулары» (илимий жетекчиси «Пайдалуу кен байлыктар» кафедрасынын профессору техника илимдеринин кандидаты Н.Калдыбаев).

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть