13:30 25 апреля 2019

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эң сулуу студенти аныкталды

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окуган студент кыздардын арасында «ЖАМУнун сулуусу» аттуу сулуулук сынагы өттү.

Аталган сынакта жалпысынан окуу жайдын факультет-колледждеринен 9 кыз ат салышты. Алар 4 шарттын негизинде өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Сынактын биринчи турунда катышуучулар  «Ай чырайлуу кыргыз кыздары» аталышында кыргыз улуттук кийими менен өздөрүн тааныштырышты. Экинчи туру «Өнөрүң болсо, өргө чап!» деп аталып, анда студенттер өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ал эми үчүнчү туру «Бийдин дили биз менен» деген аталышта болуп, катышуучулар бирдей окшош кийимде бийлешти. Жыйынтыктоочу турунда болсо «Сый көйнөктөр дефилеси» менен кыздар сахнага чыгып, интеллектуалдык суроолорго жооп беришти.

Аталган сынакта берилген тапшырмаларды өз деңгээлине ылайык аткарган катышуучуларга калыстар тобу тарабынан бир нече сертификаттар, ар түрдүү номинациялар ыйгарылды. Жыйынтыгында «ЖАМУнун сулуусу» деп экономикалык-юридикалык факультетинин студенти Элина Адылбекова таабылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть