17:23 25 апреля 2019

КМУда Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата алгачкы иш-чара өттү

24-апрелде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Мамлекеттик тилдин учурдагы маселелери жана келечеги» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияны Мамлекеттик тил жана маданият институту, КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын кызматкерлери уюштуруп, ага белгилүү коомдук ишмерлер, илимпоз-окумуштуулар, ЖОЖдордун окутуучулары жана студенттер катышты.

Конференцияны окуу жайдын башчысы, профессор Төлөбек Абдырахманов баштап берди. Ректор өз сөзүндө КРнын Мамлекеттик тилинин кабыл алынышына 30 жыл толгондугу менен жалпы кыргыз элин куттуктады жана кыргыз тилинин учурдагы абалына кыскача токтолду.

Мамлекеттик тил комиссиясынын башчысы Назаркул Ишекеев өлкөдө мамлекеттик тилге карата жетекчилердин, жарандардын мамилеси, комиссия тарабынан аткарылып жаткан иштер, айрым бир маанилүү иштерге карата болуп жаткан тоскоолдуктар жөнүндө кеңири маалымат берди. «Мамлекеттик тилди өнүктүрүү – бардыгыбыздын милдетибиз. Биз быйыл Кыргызстандагы ЖОЖдорду аяктап жаткан студенттерге «Мамлекеттик тилди билет» деген сертификатка ээ болуу үчүн атайын мыйзам иштеп чыктык. Эгерде бүтүрүүчүлөр аталган сертификатты албаса, мамлекеттик кызматка алынбайт», - деди Н.Ишекеев.

Коомдук ишмер Медет Шеримкулов куттуктоо сөзүн айтты. «Кылымдар бою, миңдеген жылдар бою келе жаткан эл өзүнүн тарыхын, маданиятын, каада-салтын, эң башкыс кыргызды кыргыз кылган – анын тилин сактап келген. Дүйнөдөгү тарыхы улуу элдердин бири – кыргыз эли. Эгерде тил жок болсо, эл жоголуп кетет. Айтайын дегеним, мындан 8 миң жыл мурун «шумерлер» деген эл болгон. Дөңгөлөктү, азыркы убакытты 365 күн, 4 мезгил…, 24 саат, 60 мүнөт, 60 секунд деп изилдеп чыккан ушул эл. 4 миң жыл тарыхын, салтын, тилин сактап келген. Кийин түштүгүнө «Амария» деген эл отурукташкан. Алар шумерлерди басып да, кырып да жиберген жок. Бирок тилин таңуулап салышты. Ошону менен «шумерлер» деген эл жок болду. Демек, биз кыргыз элибизди, маданиятыбызды сактайбыз десек, алгач тилибизди сакташыбыз керек», - деди ал.

«1993-жылдын апрель айында «И.Арабаев атындагы Мамлекеттик педагогикалык институтунун демилгеси менен өткөн жыйындын катышуучуларынын кайрылуусу» деген макала «Эне тил» гезитинин башкы бетине чыккан. Анда орус тили улут аралык тил болот дегенде, институттун кызматкерлери чоң күч менен Кыргызстанда бир гана кыргыз тили мамлекеттик тил болсун деп, «Кыргыз тилин сактай жүр, маңкурттарга сатпай жүр!» деген иш-чара өткөрүшкөн. Мына ушул саамалыктын 30 жылдыгын белгилөө биринчи кыргыз тилчиси Ишенаалы Арабаевдин атын алып жүргөн окуу жайда башталып жатканы бизди кубандырат. Бул үчүн ректор Т.Абдырахмановго ыраазычылык билдиребиз», - «Кыргы тили» коомунун жетекчиси Райимжан Курбанов.

КРнын УИАнын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор Абдыганы Эркебаев мамлекеттик тил тууралуу бир нече фактыларды айтып берди. «Кандай гана иш болбосун, анын жагдайын, кемчилигин талдагың келсе, өзүңдөн изде, бирөөнү айыптаба. Куру кыйкырып, кооз сүйлөбөй, тынч отуруп иште. Мамлекеттик тилди көтөргүң келсе, ошол тармакта тынымсыз кызмат кылып, жыйынтыгын көрсөт...».

Мамлекеттик тилди учурунда кабыл алуу маселеси абдан оор болгон. 1989-жылы апрелде М.Шеримкулов С.Мусаевди, С.Кайыповду, Б.Орозбаеваны, мени жана бир нече жазуучу-окумуштууларды чакырып, Кыргызстанда кыргыз жана орус тилдери мамлекеттик тил болот деп айткан. Биз каршы чыгып, талашып-тартышып, акыры ушундай мыйзам кабыл алынган. Ал кезде кызматтык этика деген болгон, анын чегинен чыгууга мүмкүн эмес эле…

Мен эч убакта «Кыргыз тилинин келечеги жок» дегенге кошула албайм. Анткени орустун эки көрүнүктүү окумуштуусу «Дүйнөдөгү 100 тил» деген китеп чыгарган. Ал китепте дүйнө жүзүндөгү эң кадыр-барктуу, байыркы, келечеги бар 100 тилди санап өтүшкөн. Алардын ичинде кыргыз тили да бар, ал эми казак тили жок. Демек, 300 миң жылдык тарыхы бар элдин тарыхы да, тили да өнүгө берет. Ал үчүн жогоруда айткандай, сөз менен эмес, иш жүзүндө көрсөтөлү», – деди А.Эркебаев.

«Кыргызстанда «мамлекеттик тил – кыргыз тили болот» деп маселе көтөрүп чыкканыбызда, ошол кездеги прокурор Геннадий Иванцов суракка алган. Өзгөчө Бүбүайна Орозбаева көп запкы тартты. Бирок ошол мезгилде жумушчу топтун жетекчиси болуп турган Абдыганы Эркебаев көп аракеттерди көрүп, түшүндүрүү иштерин туура жүргүзүп, акыры биз жазган мыйзамдын текстинин 80% өткөргөн. Ошентсе да, мыйзамда бир нече сабатсыз жазылган макамдар кошулуп калган. Анткени саясий жактан бул мыйзамды толугу менен ишке ашырууга мүмкүн эмес эле. Бирок мен мыйзамды жазган авторлордун бири катары сыймыктанам», - деп айтып өттү окумуштуу С.Мусаев.

Белгилүү окумуштуу түрколог, тарыхчы Сулайман Кайыпов мамлекеттик тил жөнүндө өз оюн айтты. «Жогоруда окумуштуулар айткандай, Мамлекеттик тилдин кабыл алынышы оор түйшүктү жараткан. Негизи, советтер союзу маалында көп өлкөлөр өздөрүнүн мамлекеттик тилин тез эле кабыл алышкан. Кыргыз тилине келгенде маселе татаалдашып кеткен. Мукаш Чолпонбаев ж.б. укук коргоочулар Апсамат Масалиевге кирип, анын макулдугун алып, Медет Шеримкулов баштаган комиссия өтө кылдаттык менен мыйзамды карап чыгып, кабыл алышкан. Мамлекеттик тилдин кабыл алынышына, Камбаралы Бобулов, Казат Акматов, өзгөчө Бүбүайна Орозбаева сыяктуу бир нече адамдардын салымы бар экенин билүүбүз керек. Тарыхты тактап, муундарга туура жеткирүү биздин милдет», - деди окумуштуу С.Кайыпов.

Мамлекеттик тил комиссиясынын бөлүм башчысы, маданияттын эмгек сиңирген ишмери А.Молдоканов «Кыргыз тилиндеги жарнама жана термин маселелери» деген темада баяндама жасады. «Бишкек шаарындагы көрнөк-жарнактардын орун алышында, мамлекеттик тилде жазылышында көп маселелер бар. Ушул жарнамалар Кыргыз мамлекетинин деңгээлин кайсы бир деңгээлде чагылдырат экен. Бирок Мамлекеттик тил комиссиясы аталган маселелерди жоюу үчүн бир катар иш-аракеттерди көрүп жатат. Кыргыздын эң алгачкы тилчиси И.Арабаевдин ысымын алып жүргөн КМУда Мамлекеттик тилдин 30 жылдык салтанаттуу мааракесине арналган алгачкы иш-чара өтүп жатат. Бул жакшы жөрөлгө», - деди ал.

Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктаган соң, жыйын төмөнкү багыттарда иш алып барып, баяндамалар окулду:

1. Мамлекеттик тилдин өнүгүш тенденциялары жана көйгөйлөрү;

2. Мамлекеттик тилдин өнүгүшүндөгү адабий өбөлгөлөр;

3. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү педагогикалык жана методикалык аспектилер.

Жыйынтыгында бир добуштан резолюция кабыл алынды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up