14:53 30 апреля 2019

ОшМУнун окутуучулары Каракалпакстан мамлекеттик университетинде өткөн илимий-практикалык конференцияга катышып келишти

22-26-апрель күндөрү Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика кафедрасынын окутуучусу Зарина Маматжанова баштаган доценттер С.Сейитбекова, Б.Байтикова жана окутуучулар М.Мамырова, А.Умарова, Г.Эрназарова Өзбекстан Республикасынын Бердах атындагы Каракалпакстан мамлекеттик университети тарабынан өткөрүлгөн «Глобалдашуу процессинде массалык маалымат каражаттарынын ролу» аттуу илимий-практикалык конференцияга барып келишти.

Конференция башталганга чейин Кыргызстандан жана Украинадан барган топ окуу жайдын ректорунун кабылдамасында болушту. Окуу жайдын ректору А.Реймов конференциянын катышуучуларына амандык, ден соолук каалоо менен достуктун, ынтымакчылыктын бекемделиши ааламдашуу шартында эң зор өбөлгө экендигин белгиледи.

Конференциянын пленардык жыйынында окутуучу З.Маматжанова «Студенттерди окутууда санариптик сабаттуулугун калыптандыруу» деген темада баяндама жасады. Ошол эле күнү секциялык иштер уланып, Кыргызстандан, Украинадан жана башка мамлекеттерден барган катышуучулар баяндамаларын окуп, суроолорго жооп беришти.

23-апрель күнү Каракалпак элинин тарыхый-маданий жерлерин көрүштү жана бир нече мектептерге барып, алардын билим алуу процесси менен таанышып чыгышты. Ошондой эле 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата Нукус шаарынын мектептерине Каракалпак филологиясы факультетинин деканы Конокбай Турдыбаев менен биргеликте китеп белек кылышты.

24-апрель күнү Каракалпакстандын Мойнок районундагы Арал деңизине саякаттоо менен өзбек элинин каракалпак эл акыны Т.Джумамуратовдун окуган мектебине барышты жана ал жерде Кыргызстан, Ош мамлекеттик университети тууралуу айтып беришти.

25-апрель күнү Бердах атындагы Каракалпак мамлекеттик университетинин журналистика факультенин студенттери менен жолугушуп, Кыргызстандагы билим берүү системасы, Ош мамлекеттик университети тууралуу айтып, студенттердин суроосуна жооп беришти. Студенттер кыргыз элинин тили каракалпак элинин тилине окшош экендиги, жашоо-тиричилигинин, каада-салтынын окшош экендигине суктанышып, кыргыз эли тууралуу каракалпак акындарынын ырларын жана автордук ырларын окуп беришти.

Журналистика факультетинин деканы К.Турдыбаев кыргызстандык окумуштууларга студенттерди тажрыйба алмашуу максатында мобилдүүлүк иштерин өткөрүү зарыл экендигин белгиледи.

Каракалпак мамлекеттик Бердах университетинин ректору Ахмед Реймов жана ректордун окуу-тарбия, илимий иштери боюнча проректорлору, журналистика факультетинин деканы К.Турдыбаев, кафедранын башчысы Злиха Оразымбетова, доценттер М.Джумамуратова Кыргызтсандан келген делегецияга ыраазычылык билдирди.

26-апрель күнү кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика кафедрасынын окутуучулары Зарина Маматжанова, Махабат Мамырова, Айжан Умарова, Гүлсере Эрназарова Ташкенттеги Өзбекстан мамлекеттик Дүйнөлүк тилдер университетинде өтүп жаткан «Заманбап электрондук ММКлардын тенденциялары» деген аталыштагы конференцияга катышып, эки университеттин өз ара кызматташуусун бекемдей турган жолугушууларды өткөрүштү.

Өзбекстан мамлекеттик Дүйнөлүк тилдер университетинде эл аралык журналистика факультетиндеги ардагер устат Сайди Умиров конференциядан соң ОшМУдан барган делегацияга өзүнүн «Чыңгыз Айтматов – публицист жана аналитик» деген аталыштагы китебин белекке берип, мындан ары да кызматташтыктардын бекемделишине кызыктар экендигин билдирди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть