16:04 30 апреля 2019

№3 Лебединовка орто мектебинде «Биз кургак учукка каршыбыз!» аталышындагы акция болуп өттү

Аламүдүн районундагы №3 Лебединовка орто мектебинде «Биз кургак учукка каршыбыз!» аталышындагы акция болуп өттү. Акциянын алкагында класс жетекчилер окуучуларга «Кургак учукка каршыбыз!» деген темада класстык сааттарды өтүштү.

Мектептин медайымы, АДКнын мүчөсү, мектептин соцпедагогу жана уюштуруучусу тарабынан ар бир класска түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Окуучуларга кургак учук менен кантип күрөшүү керектиги жана кантип алдын алуу керектиги жөнүндө маалымат берилди. Ошондой эле 5-10-класстар арасында «Кургак учуктун алдын алуу» деген темада дилбаяндар сынагы өткөрүлдү. Бардык окуучуларга кургак учук менен кантип күрөшүү керектиги тууралуу материалдар таратылды. Ошону менен бирге ар бир класста ден соолук бурчу уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть