Ош технологиялык университетинде 7-май күнү орто мектептердеги бүтүрүүчү класстардын окучуулары үчүн Ачык эшиктер күндөрү өткөрүлдү.
Иш-чарага шаардагы орто мектептердин 9-11-класстарынын бүтүрүүчүлөрү катышты. Келечекте татыктуу билим алып, белгилүү бир адистиктин ээси болууну максат кылган жаштар университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып, окуу жай жөнүндө кеңири маалыматтарга ээ болушту.