10:03 8 мая 2019

Кыргыз улуттук университети менен ОшМУ өз ара кызматташуу боюнча келишимдерге кол койду

Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыков баштаган университеттин проректорлору, окуу бөлүмүнүн башчысы ОшМУга атайын кызматтык сапары менен келишти.

Делегация ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, университеттин проректорлору менен жолугушту. Жолугушууда ОшМУнун окуу процесси, учурда жүргүзүп жаткан ишмердүүлүктөрү, алдыга коюлган келечек пландары боюнча маалымат берилди.

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында эки окуу жай өз ара кызматташуу, биргелешкен билим берүү жана илим изилдөө программаларын ишке ашыруу, профессорлордун, окутуучулaрдын конок лекцияларын уюштуруу, изилдөөчүлөрдү, студенттерди aлмaшуу, биргелешкен билим берүү, илимий изилдөө долбоорлорду, кыскa мөөнөттүү билим берүү, илимий прогрaммaлaры ишке ашыруу, конференция, семинaр жaнa илимий отурумдaрды уюштуруу сыяктуу бир топ маселелерде пикир алышты.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыков жана ОшМУнун ректору Каныбек Исаков эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту. Бул иш-аракет университеттердин ортосунда түзүлгөн келишимдерди жаңылоо максатында уюштурулду.

ОшМУга болгон сапарынын алкагында делегация университеттин медицина, эл аралык медицина, университеттин клиникаларында жана бир топ факультеттерде болуп, электрондук башкаруу системасы, билим берүүгө түзүлгөн шарттар, окуу лабораториялар, өндүрүштүк ишканалар, инновациялык иш-аракеттер менен таанышышты.

ОшМУ менен Кыргыз улуттук университети буга чейин да жемиштүү кызматташып, ички академиялык мобилдүүлүк боюнча студенттерди алмашып, билим берип келишет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть