15:43 8 мая 2019

КМКТАУда Жеңиш күнү белгиленди

2019-жылы 8-майда Н.Исанов атындагы КМКТАУнун жетекчилиги жана студенттери Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүштү.

Майрамдык иш-чара согуш мезгилинде кайтыш болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. КМКТАУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор А.Абдыкалыков куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

«Жеңиш күн – биздин өлкөбүздөгү бардык жарандар үчүн ыйык майрам. Согуштан кийинки жылдары бир нече муундар өсүп-жетилсе да, согушта кайтыш болгондорду эскерүү – бул биздин милдет, алардын элестери биздин жүрөгүбүздө дайыма сакталып келет. Бүгүнкү күндө биз ардагерлерге кам көрүп, келечекте аларды унутпашыбыз керек. Биздин ушул ачык асманыбыз үчүн ыраазычылык билдирүү менен терең таазим кылабыз», - деди ал.

Андан соң 95 жаштагы согуш ардагери, жол тармагынын эмгек сиңирген куруучусу Асад Гасанов согуш мезгилиндеги кырдаалдар тууралуу айтып берди. «Мен согушта Ставрополь аймагынан баштап Ростов жана Брянск областтарындагы, ошондой эле Берлинге чейинки айыгышкан салгылаштарга катыштым. Биздин жердештерибиздин: Дүйшөнкул Шопоковдун, Чолпонбай Түлөбердиевдин жана 28 панфиловчулардын эрдиктерин унутпайбыз. Биз көргөн апаат күндөрдү эч кимге каалабайбыз... Мен Жеңиш күнүнөн кийин, тагыраак айтканда, 2 жылдан кийин, 1947-жылы Фрунзе шаарына кайтып келдим. Кыйраган айыл чарбаны калыбына келтирүүгө катыштым, андан соң Фрунзедеги Индустриалдык техникумга өттүм жана аны 1950-жылы аяктадым. 1960-жылы Московадагы инженердик-курулуш институтун аяктадым. Мен өз турмуш жолумда Кыргызстандын автотранспорт жана жолдор министри Кусеин Көлбаев менен жолуккандыгыма абдан ыраазымын. Мен окутуучулардын иштерине ийгилик жана студенттерге окууларына жетишкендиктерди, мыкты адис болууңарды каалайм!», - деди ал.

Майрамдык иш-чара чыгармачыл студенттердин концерттик программасы менен аяктады.

Жыл сайын жеңиш күнүндө КМКТАУнун профессор-окутуучулары жана студенттери чогулушуп, ардагерлерди куттукташып, акчалай жана башка белектерди тапшырышат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть