Улуу Жеңиштин 94 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга ИИМдин Академиясынын курсанттары активдүү катышышты. Алар борбор калаадагы Жеңиш аянтында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусундагы параддан салтанаттуу өтүштү.
Андан соң «Жеңиш вальсы» акциясына 33 түгөй курсанттар катышты. Акция Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери жана мектеп окуучуларынын катышуусунда жыл сайын өткөрүлүп келет. Бул иш-чарада ИИМдин Академиясынын курсанттары адаттагыдай кийген формасы жана таамай аткарылган бийи менен өзгөчөлөнүштү.