Жалал-Абад колледжинин «Башталгыч класстарда окутуу» адистигиндеги бүтүрүүчү курстун студенттеринин арасында «Жүрөгүмдү балдарга арнайм» аттуу кароо-сынак өттү. Сынакта интеллектуалдык потенциалы бийик, таланттуу, ар тараптан өздөрүнүн чыгармачылыгы менен айырмаланган студенттердин деңгээлине, өнөрүнө, чыгармачыдыгына, мугалимдик имиджди сактай билүүсүнө жараша баа берилип, сынактын катышуучулары өздөрүнүн таланттарын көрсөтүшүп, наамдар, дипломдор, грамоталар менен сыйланышты.
Сынак Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата уюштурулду.
Сынактын жыйынтыгы:
- Шерикбай кызы Айдай — «Мыкты практикант-2019» наамында 1-даражадагы диплом;
- Омошова Мээрим — «Мыкты практикант-2019» наамында 2-даражадагы диплом;
- Кожоакматова Алина — «Мыкты практикант-2019» наамында 3-даражадагы диплом.
Ал эми «Ажарлуу практикант» наамы менен Алимова Айтурган сыйланса, «Чыгармачыл практикант» наамына Абабакиров Дурият ээ болду. Активдүү катышкандыгы үчүн Рахманберди кызы Дилназа, Калилбекова Айзирек сыйланышты.
Бул практиканттарга насаатчылык кылып, алардын ишмердүүлүгүнө салымын кошкон окутуучулардан Шерикбай кызы Айдайнын жетекчиси Тобокелова Саламат «Мыкты насаатчы» наамы менен сыйланды .