15:18 23 мая 2019

КМУда студенттердин педагогикалык практикасын жыйынтыктаган кеңеш өттү

Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультетинде 22-май күнү 1-2-3-курстардын студенттеринин педагогикалык практикасын жыйынтыктоочу кеңеши өттү.

Педагогикалык практиканы студенттер Бишкек шаарындагы орто мектептерде ийгиликтүү өтөп, мугалимдердин жогорку баасына ээ болушкан. Практиканын биринчи жумасында мектеп, класс, класс жетекчи, окуучулар менен таанышып, окучуулар менен тарбиялык иштерди уюштурушкан.

Педагогикалык тажрыйбанын жыйынтыгында жогорку курстун студенттери педагогикалык тажрыйбанын күндөлүгү тиркелген отчетту, фотоотчетторду, зачеттук сабактын же класстан тышкаркы иштердин конспектисин, окуу колдонмолорун тапшырышкан.

18-20-май күндөрү педагогикалык тажрыйбанын жыйынтыгы менен мектептерде мугалимдер, окуу бөлүм башчылар, директор, методисттер, педагогика, психология кафедрасынын өкүлдөрүнүн катышуусундагы жыйын өтүп, студенттерге берилген баанын негизинде талкуу жүрдү. Анда мектептин практикантка берген мүнөздөмөсүн эсепке алуу менен ар бир практикантка коюлган баа, педагогикалык тажрыйбанын учурдагы студенттин иши, ошону менен катар практика учурунда жаралган кыйынчылыктар жөнүндө кеңири сөз болду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть