16:11 23 мая 2019

ОшМУда Жаштар комитетинин төрагасы менен акыйкатчы шайланды

Ош мамлекеттик университетинде 22-май күнү студенттик өзүн-өзү башкаруу уюму болуп саналган Жаштар комитетинин төрагасын жана студенттик Акыйкатчы аппаратына шайлоо уюштурулду.

Шайлоого ОшМУда күндүзгү бөлүмдө окуган студенттердин атынан дайындалган 326 делегат катышып, алар бюллетень аркылуу добуш беришти. ОшМУнун социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору Түмөнбай Колдошов шайлоонун төрагасы, профсоюз уюмунун төрагасы Абдижапар Аккулов төраганын орун басары кызматын алып барышты. Шайлоо боюнча атайын комиссиянын курамында ОшМУнун юристи, Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы, башка жогорку окуу жайлардын жаштар комитеттери да болушту.

Шайлоонун жүрүшүндө алгач университетте 2 жыл аралыгында иш алып барган Жаштар комитетинин төрагасы Муратбек Алтынбек уулу жана студенттик акыйкатчысы Орозали уулу Бектурсун бул жылдар аралыгында аткарылган иш-аракеттер боюнча жыйынтык отчетун беришти.

Жыйындын жүрүшүндө Жаштар комитетинин төрагалыгына койгон 4 талапкер жана студенттик акыйкатчысына койгон 2 талапкер делегаттарды өздөрүнүн платформалары менен тааныштырып, ийгиликтери тууралуу видеороликтерди коюп, берилген суроолорго жооп беришти.

Жыйынтыгында делегаттардын көп добушуна ээ болгон бизнес жана менеджмент факультетинин студенти Талантбек уулу Бекмамат 146 добуш менен Жаштар комитетинин төрагасы, медицина факультетинин студенти Адилет Абдырахманов 131 добуш менен студенттик акыйкатчылыгына шайланышты.

Буга чейин шайлоонун жобосуна ылайык, ОшМУнун Жаштар комитетине талапкерлигин койгон Бектурсун Орозали уулу, Муралым Арыналиев, Адилет Абдырахманов жана ОшМУнун Акыйкатчы аппаратына талапкерлигин койгон Бектурсун уулу Нурзаман, Муслим Абдужапаров, Адилет Абдырахманов бекитилген графиктер боюнча ар бир факультеттерде студенттер менен жолугушууларды өткөрүп, университеттин «Үмүт» телестудиясында атайын дебатка катышышкан.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть