10:53 7 июня 2019

Энергетика жаатында окуган студенттер эми күн батареясын буйрутма алып орното алышат

Эл аралык инновациялык техникалык университетинде 3-июнь күнү салттуу эмес калыбына келүүчү энергия булактарын алуучу күн орнотмо коюлду. Бул чакан лабораторияны Электроэнергетика жана элетротехника институтунун башчысы М.Садыков жана окутуучу Э.Байышов бүтүрүүчү студенттер менен биргеликте ишке ашырышты.

Күн батареясында кошумча аккумулятор, инвертор жана ток кубаттоочу жабдыктарынын баары камтылган. Ал автоматташтырылгандыктан, эч кандай көзөмөлдү талап кылбайт жана экологиялык жактан зыяны жок.

Учурда коомдо күн батареясына болгон талап өсүп келе жаткандыктан, негизги максат – студенттердин практикалык негизде үйрөнүүсү жана буйрутма аркылуу өз алдынча каражат табуусу болуп саналат.

Күн батареясы Кыргызстанда 2006-жылдан бери орнотулуп келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть