18:06 7 июня 2019

КМТУнун 65 жылдыгына карата «Билим декадасы-2019» иш-чарасы өттү

2019-жылдын 31-майында И.Раззаков атындагы КМТУнун 65 жылдыгына карата «Билим декадасы-2019» иш-чарасынын салтанаттуу жабылыш аземи өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты — студенттердин алган билимдерин кеңейтүү жана бекемдѳѳ, студенттердин өздүк ишин уюштурууну ѳнүктүрүү, алардын сабактар боюнча терең билим алууга жана тандап алган кесибине кызыкчылыктарын арттырууя, ошондой эле окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга ѳбѳлгѳ түзүү.

«Билим декадасы-2019» февраль айында башталып, май айында аяктады. Ушул мезгил аралыгында география, тилдер, тарых, математика, химия, физика, аскерге чейинки даярдык, кесипке киришүү, атайын сабактар, дене тарбия сабактарынын жумалыктары өттү. Мында жалпы билим берүү циклинин бардык сабактары жана ар бир кесиптин атайын сабактары боюнча чемпионаттар, чебер класстар, дублерлор күнү, тематикалык презентациялар, окуу-изилдөө иштерин коргоо, мода көргөзүү, тегерек үстөлдөр, викториналар, талаш-тартыштар, интеллектуалдык сынактар, тематикалык дилбаяндар жазылды, дубал гезиттердин көргөзмөсү, математика жана физика сабактары боюнча олимпиадалар, ачык сабактар өткөрүлдү. Ошону менен бирге «Билим декадасынын» алкагында шаардык жана республикалык деңгээлде иш-чаралар өткөрүлдү.

Колледждин кызматкерлерин, окутуучуларын жана студенттерин КМТУнун ректору, профессор Мураталы Жаманбаев окуу жылынын жана «Билим декадасынын» салтанаттуу жабылыш аземинин ийгиликтүү аякташы менен куттуктады. Ошондой эле Бишкек шаарындагы колледждер арасында өткөрүлгөн математика жана физика сабактары боюнча биринчи шаардык предметтик олимпиаданын жана кесиптик чеберчилик боюнча «Кесиптер чемпионаты» аттуу биринчи республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүнө, алардын жетекчилерине жана «Билим декадасынын» активдүү катышуучуларына дипломдор, грамоталар, сыйлуу белектер тапшырылды.

Жеңүүчүлөрдүн катарында ЖАМУнун алдындагы Жалал-Абад колледжинен, Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинен, Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык колледжинен, К.Көлбаев атындагы Бишкек автоунаа жол колледжинен, Эл аралык университетинин политехникалык колледжинен, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун колледжинен, Бишкек техникалык колледжинен, Инновациялык технологиялар жана экономика колледжинен, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессионалдык колледжинен келген студентттер, алардын жетекчилери да болду.

«Билим декадасынын алкагында студенттер теориялык билимдерин, практикалык даярдыктарын жана чыгармачылык кѳндүмдѳрүн кѳрсѳтүү менен бирге достук мамилелерин чындашып, жаңы албан ийгиликтерге жол артышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть