12:07 10 июня 2019

ЖАМУда «Бекбоевдик окуулар – 2019» алкагында илимий-практикалык конференция өттү

ЖАМУнун Р.Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында КМШ мамлекеттерине таанымал окумуштуу, КРнын Эл мугалими И.Бекбовге арналган «Бекбоевдик окуулар – 2019» алкагында «Коомду санариптештирүү шартында билим берүү» аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияны ЖАМУнун ректору, профессор К.Усенов ачып, илимий-практикалык конференциянын ишине ийгилик каалады.

Иш-чаранын пленардык жыйынында окумуштуулар: С.Рысбаев, Т.Сияев, Ш.Алиев, К.Төрөгелдиева, УИАнын мүчө-корреспонденттери: К.Алымкулов, П.Панков жана А.Аттокурова илимий баяндама жасашты.

Конференцияга республиканын бардык аймагында жайгашкан ЖОЖдордон окумуштуулар келишти. Анда КМУнун, НМУнун, ОшМУнун, ОГПИнин, ОшТУнун, КУУнун, ТалМУнун профессордук-окутуучулары жана 40тан ашуун илимдин кандидаттары катышты. Конференцияда 11 багыт боюнча (педагогика, математикалык билим берүү, физика, информатика, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, философия жана социалдык иш, химия, башкаруунун автоматташтырылган системасы, ветеринария, электр менен камсыздоо) секциялык иш өз ишин алып барды. Секцияда Кыргыз Эл мугалими Исак Бекбоевдин чыгармачылыгына арналган 200гө жакын илимий баяндамалар талкууланды жана айрымдары ЖАМУнун жарчысына басууга сунушталды.

Мыкты илимий баяндамалар үчүн Кыргыз билим берүү академиясынын, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ардак грамоталары, дипломдору ыйгарылды. Секциялык иште талкууланган илимий баяндамалардын мазмунунун көпчүлүк бөлүгү учурдагы билим берүүнү санариптештирүүгө багыттап окутууга арналды. Секциялык иште студенттердин да илимий баяндамалары кошо талкууланды.

Белгилүү окумуштуу, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Эл мугалими Исак Бекбоевдин педагогикалык, илимий-методикалык ишмердүүлүгүнө арналган илимий-практикалык конференция катышуучулар тарабынан жогорку денгээлде өткөндүгү белгиленип, конференциянын жыйынтыгында атайын резолюция кабыл алынды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть