20:41 21 июня 2019

ЖАМУнун студенттери IV «Достук» фестивалына катышып, дипломдор менен сыйланышты

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин өнөрлүү студенттери «Студенттер билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн» аталышындагы студенттик фестивалга катышып, бир катар дипломдор менен сыйланышты.

Аталган фестиваль Талас мамлекеттик университетинде Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата өткөрүлдү.

Студенттердин IV «Достук» фестивалына 7 жогорку окуу жайдын интеллектуал, таланттуу, чыгармачыл студенттери катышышты.

ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректорунун айтымында, фестивалдын алкагында ЖОЖдор арасында педагогикалык тажрыйба алмашат, ички мобилдүүлүк өнүгөт, улуттук өнөрлөр жаштар арасында өнүктүрүлөт.

«Республиканын ар аймагынан келген жаштардын достук мамилеси бекемделет, аларды сергек жашоого, талантын өстүрүүгө салым кошобуз. Ошондой эле жаштар өлкөнүн ар аймагын көрүп, анын кооздугун, баалуулуктарын көрүү менен мекенчил, патриот болушат», - деди ал.

Фестиваль 2016-жылдан бери салт катары уюшулуп келет. Ага Ысык-Көл мамлекеттик университети, Талас мамлекеттик университети, Нарын мамлекеттик университети, Баткен мамлекеттик университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик университети, Ош гуманитардык-педагогикалык институту катышып келишет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть