Ош технологиялык университетинде Инженердик академия жана Кыргызпатент менен биргеликте жаш окумуштуулардын республикалык жайкы мектеби өткөрүлдү.
Жыйынга Бишкек, Каракол, Жалал- Абад шаарларынан жана республиканын булу- бурчтарынан келген 100дөн ашуун окумуштуулар, адистер жана жаш жеткинчектер катышты. Салтка айланган жайкы мектеп бул жылы белгилүү ойлоп табуучу, профессор С.Абдраимовдун 75 жылдыгына арналып, пленардык жыйын окумуштуунун жаркын элесине арналды.
Жайкы мектепте жаш аспиранттар жана илим ышкыбоздору өз ара тажрыйба алмашып, дасыккан илимпоздордон сабак алышты.