Ош технологиялык университетинин технологиялар жана жаратылышты пайдалануу факультетинде германдык GIZ коомдук фондунун колдоосу менен курулган жаңы тамак-аш азыктарын кайрадан иштетүү боюнча заманбап 5 лабораториянын ачылыш аземи болуп өттү.
Аталган лабораториянын өздүк наркы 4,5 миллион долларга чамалайт.
Ачылыш аземге Ош шаардык мериясынан, GIZ коомдук фондунун өкүлдөрү, Германия мамлекетинин Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, окуу жайдын жетекчилиги жана кызматкерлер катышышты.