16:37 16 июля 2019

ОшТУ менен Ташкент айыл чарбасын механизациялоо жана инженердик ирригация институту кызматташат

Ош технологиялык университети менен Ташкент айыл-чарбасын механизациялоо жана инженердик ирригация институтунун ортосунда эки тараптуу кызматташуу тууралуу келишим түзүлдү.

Келишимдин алкагында аталган институттун өкүлү Баатырхан Шерматов, ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов жана ОшТУнун сырткы байланыштар жана өнүгүү иштери боюнча проректору, профессор Урмат Аттокуров мындан ары эки окуу жайдын ар тараптан кызматташуусунун жана өнүгүүсүнүн жолдорун талкуулашты. Мындан ары эки окуу жайда окутуучулар, магистранттар жана студенттер менен академиялык тажрыйба алмашуу жүргүзүлмөкчү.

Ош технологиялык университети Өзбекстан мамлекетинин жогорку окуу жайлары менен кызматташуу максатында 12 университет менен келишим түзгөн.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть