12:13 16 июля 2019

ОшТУнун окумуштууларынын кыргыз тилинде жазылган китептери жарык көрдү

2019-жылдын 10-июль күнү А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз тил коомунун колдоосу менен жарык көргөн кыргыз тилиндеги 40тан ашуун китептин бет ачары өттү.

Аталган иш-чарага ОшТУнун профессордук-окутуучулук курамынын эмгектери, тагыраагы ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидовдун, профессор Базарбай Тагаевдин «Метрология, стандартизация жана сертификациялоо» окуу китеби, профессор Камалдин Жумабаев, ага окутуучулар Азизбек Арзиматовдун, ага окутуучу Сейит Артыкбаевдин «Турмуш-тиричилик коопсуздугу сабагы боюнча лекциялар курсу» окуу китеби жана профессор Адилжан Маруфийдин, доцент Элмира Рысбекованын «Материалдардын каршылыгы» китептери фондунун колдоосу менен басылып чыккан.

Аталган китептер ЖОЖдордун жана атайын орто окуу жайларынын окуу программаларына кеңири колдонулмакчы. Иш-чарага билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, коомдук ишмерлер, илимпоздор, мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть