Ош технологиялык университетине Түштүк Корея мамлекетинин Сенгюнван университетинин профессору Пек Ги Сын баштаган 7 студенттен турган ыктыярчылар келишти.
Алар ОшТУнун студенттери жана магистранттары менен биргеликте lT-технология жана бир канча компьютердик программалар боюнча сабактарды уюштурушууда. Аталган делегация окуу жайда 2-июлдан 28-июлга чейин болушмакчы.