Кузбасс мамлекеттик техникалык университетинин проректору Ольга Синицына кош дипломдуулук программасын түзүү максатында атайын иш сапары менен Ош технологиялык университетине келди.
Университеттин басма сөз кызматы маалымдагандай, ОшТУ Россиянын жогорку окуу жайлары менен кош дипломдуулук программасын түзүүнү улантууда.
Ольга Синицына алгач ОшТУнун ректору Абдыкадыр Абидовдун кабыл алуусунда болуп, эки окуу жайдын ортосундагы келишимге кол коюшту. Мындан сырткары окуу жайдын сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору Урмат Аттокуров менен жолугушуп, бүтүрүүчүлөрдү кош дипломдуу кылуу маселесин талкуулашты.
Учурда Ош технологиялык университети 35 жогорку окуу жай менен кызматташып жатат.