15:36 11 сентября 2019

ОшМУнун 14 студенти жана 6 окутуучусу Түркиядагы университеттерден билимин өркүндөтүп келишет

Кечээ, 10-сентябрда «Мевлана» программасы боюнча күзгү семестрде Түркиянын бир нече университеттерине окууга өткөн студенттер менен ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору Абдыганы Абдувалиев жолугушту.

Бул жылы күзгү семестрде аталган программа боюнча академиялык мобилдүүлүктөн өтүүгө 14 студент жана 6 окутуучу өтүшкөн.

Математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин 2 студенти, Кыргыз-Европа факультетинин 2 студенти, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин 1 студенти, теология факультетинин 2 студенти, чыгыш таануу жана тарых факультетинен 1 студенти күзгү семестрде билимин Түркиянын университеттеринде улантышат.

Жолугушуунун жүрүшүндө проректор А.Абдувалиев «Мевлана» программасы боюнча академиялык мобилдүүлүктөн өтүүгө аттанып жаткан студенттерди куттуктап, окууларына ийгилик каалады. Ошондой эле студенттер ушундай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, байланыштарды бекемдеп жаткан ОшМУнун жамаатына ыраазычылык билдиришти.

«Мевлана» программасы ар жылы студенттерди жана мугалимдерди кабыл алууга сынак жарыялайт. Ага бардык каалоочулардын катышууга мүмкүнчүлүгү бар.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть