Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата 2019-жылдын 3-сентябрынан 17-сентябрга чейин Н.Исанов атындагы КМКТАУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан 1-курстун студенттери арасында «Көркөм окуу» сынагынын 1-туру өткөрүлдү.
Сынакты аталган кафедранын улук окутуучусу Н.Молдалиева жана окутуучу К.Курманалиева алып барышты.
Тандоонун жүрүшүндө 2 студент автордук ырлары менен катышышты. Жыйынтыгында 10 студент 2-турга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Алар 19-сентябрда университетте өтүүчү Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган «Тил тагдыры - элдин дилинде» аттуу салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө өз өнөрлөрүн тартуулашмакчы. Алардын ичинен 3 «Мыкты көркөм окуучу» тандалып алынат.