И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кыргыз тили кафедрасы тарабынан «Элсиз тил болбойт, тилсиз эл болбойт» аталышында 1-курстун студенттери арасында дилбаян жазуу сынагы болуп өттү. Иш-чараны окутуучулар Ш.Дүйшеева менен Р.Шаршенова жетектешти.
Сынактын жыйынтыгы аныкталып, студенттерге талантына жараша татыктуу орундар ыйгарылды. Мактоо баракчалары жанан грамоталар 2019-жылдын 26-сентябрында өтө турган «Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун» аттуу майрамдык кечеде тапшырылмакчы.