19:38 20 сентября 2019

Дипломатиялык академияда мамлекеттик тилдин азыркы абалы талкууланды

2019-жылы 20-сентябрында Тышкы иштер министрлиги жана К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы биргеликте Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата «Дипломатия жаатында мамлекеттик тилдин ээлеген орду» аталыштагы тегерек стол өткөрдү.

Иш-чарага ТИМдин иш кагаздар жана электрондук документтер менен камсыздоо департаментинин кызматкерлери, КОСУнун профессору, Дипломатиялык академиянын окутуучулары жана студенттери катышышты.

Академиянын ректору Чынара Адамкулова куттуктоо сөзүн айтты.Тышкы иштер министрлигинин ИКжЭДК департаментинин директору Нургүл Токтосунова мамлекеттик тилдин дипломатиядагы маанилүүлүгүн белгиледи.

Иш-чарага КОСУнун профессору Аттокур Жапанов чыгарган китептер менен катышуучулар таанышышты, профессор кыргыз тилинде басылып чыккан китептердин ролун белгиледи.

Мамлекеттик тилдин дипломатиядагы маанилүүлүгү жөнүндө ТИМдин мамлекеттик тил секторунун башкы адистери Н.Жусубакунова, Э.Мамасадыков жана академиянын окутуучусу Р.Жумалиева баяндама жасашты.

Тегерек столдун жүрүшүнө окутуучулар жана студенттер активдүү катышышты. Мамлекеттик тилдин азыркы абалы, келечеги, мамлекеттик тил катарында статусун жогорулатуу, тилдин бүгүнкү күндөгү медиа мейкиндикте, интернетте, ЖОЖдордо, мектепте кыргыз тилин окутуудагы көйгөйлөр талкууланып, ойлор ортого салынды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть