Бүгүн, 23-сентябрь күнү мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата Ош технологиялык университетинде майрамдык иш-чара уюштурулду. Иш-чара студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолгон.
Салтанаттуу иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар жамааты жана студенттер катышты. Иш-чарада эне тил жөнүндө көркөм ырлар окулуп, «Манас» эпосунан үзүндү айтылды. Ошондой эле элдик ыр-бийлер аткарылып, комуздун коштоосундагы күүлөр жаңырды.