2019-жылдын 27-сентябрь күнү Ош технологиялык университетине Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин биринчи катчысы Ким Ги Хен жумушчу сапары менен келди.
Жумушчу сапардын алкагында ОшТУнун ректору Абдыкадыр Абидов менен жолугушуп, Түштук Кореянын жогорку окуу жайлары менен кызматташуунун жолдору талкууланып, жол картасы түзүлдү. Мындан ары ОшТУ аталган өлкөнүн окуу жайлары менен кызматташмакчы. Азыркы учурда окуу жай Түштүк Кореянын 5 окуу жайы менен келишимдерди түзүп, студенттер жана окутуучулардын тажрыйба алмашуусу уланууда.