18:06 2 октября 2019

ОшМУда ардагер мугалимдер үчүн кече уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинlе эмгектенип жаткан жана эс алуудагы 360тан ашуун ардагер мугалимдер, кызматкерлер сый кечеге чакырылды.

Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата жыл сайын окуу жайдын ректораты, профсоюз уюму жана Ардагерлер кеңеши тарабынан иш-чара уюштурулуп, ардагерлерге арналып дасторкон жайылып, концерттик программа тартууланып, ар бирине акчалай сыйлыктар берилип келет.

ОшМУнун ректорунун милдетин аткаруучу Кудайберди Кожобеков, профсоюз комитетинин төрагасы Абдыжапар Аккулов, ОшМУнун Ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү жаштыгын, эмгегин ОшМУга арнаган агай-эжейлерди, кызматкерлерди майрамы менен куттуктап, ден соолуктары чың, өмүрлөрү узун болуусун, университеттин ийгиликтеринде дайыма баш болуп, калыс пикирлерин айтып, жаштарга өрнөк болуп жүрүүсүн тилешти.

Ардагерлер жүргүзүлүп жаткан иштер мындан ары да ийгиликтүү уланышын каалап, ак баталарын беришти.

Майрамдык кече ОшМУнун таланттуу агай-эжейлеринин, студенттеринин концерттик программасы менен коштолду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть