2019-жылдын 2-октябрында К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин «1-курстарга арноо» салтанаты болуп өттү.
Салтанатты университеттин ректору Рысбек Нургазиев ачып, университеттин материалдык-техникалык базасына, билим берүү, илимий, эл аралык, спорт, тарбия иштерине токтолуп, 1-курстарга ийгиликтерди каалады. Мал азыктарын өндүрүүнүн технологиясы кафедрасынын башчысы А.Ажыбеков, жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы Н.Асангазиев 1-курсарды куттукташып, окуудагы ийгиликтерди каалашты. Инженердик-техникалык факультетинин 1-курсунун лидери Руслан уулу Исламга «Билим ачкычы» тапшырылды.
Ошондой эле университеттин мыкты студенттерине профессор Г.Балян атындагы стипендия тапшырылды.
Агрономия жана токой чарба факультети:
1. Таалайбекова Роза – 4-курстун студенти;
2. Кусеинова Нурайым – 4-курстун студенти;
3. Батырканова Жамиля – 3-курстун студенти;
4. Мыктыбекова Мээрим – 3-курстун студенти;
5. Матиева Жаңыл – 3-курстун студенти.
Ветеринардык медицина жана биотехнология факультети:
1. Алмаз кызы Нурайым – 4-курстун студенти.
Экономика жана маалыматтык системала факультети:
1. Исмаилов Ороз – 4-курстун студенти.
Технология факультети:
1. Кенжебекова Диана – 3-курстун студенти.
Инженердик-техникалык факультет:
1. Алик уулу Алтынбек – 4-курстун студенти.
Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультети:
1. Сейдакматова Мээрим – 3-курстун студенти.
Сыйлыктарды Г.Балян атындагы фонддун директору, Армян диаспорасынын төрагасы С.Балян жана университеттин ректору Р.Нургазиев тапшырышты.