11-октябрь күнү Ош технологиялык университетинде техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын А.Жаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институтунун директору Жоромамат Арзиевдин 70 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий конференция болуп өттү.
Иш-чарага Өзбекстандан, Казакстандан жана Кыргызстандан илимпоздор катышты. Майрамдыкдык иш-чара ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидовдун куттуктоо сөзү менен башталып, келген коноктор да куттуктоолорун айтышты.
Аталган илимий конференция 118 макалалар менен 5 секцияда иш алып барып, баяндамалар жасалды. Жыйынтыгында мыкты делген илимий макалалардын авторлоруна ардак грамоталар, сертификаттар жана баалуу белектер тапшырылды.