Ош технологиялык университетине «Манас» эл аралык аэропортунун Ош филиалынын маалыматтык технологиялар жана байланыш бөлүмүнүн башчысы Толкунбек Мамытов Толкунбек келип, студенттерге аба мейкиндигиндеги автоматташтыруу багытында лекция өтүп берди.
Лекцияга информатика, программалоо жана байланыш багытындагы студенттер менен окутуучулар катышты. Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин окууга болгон кызыгуусун арттыруу.