10:30 28 октября 2019

ОшМУнун 11 студенти Батыш Чех университетине окууга аттанышты

Ош мамлекеттик университетинин ректорунун милдетин аткаруучу Кудайберди Кожобеков 24-октябрда Батыш Чех университетине билим алып келүүгө аттанып жаткан университеттин 11 студентин кабыл алып, окууларына ийгилик каалады. Ошондой эле студенттерди татыктуу билим алып, жаңылыктар, сунуштар менен келүүгө чакырды.

Батыш Чех университетинин эл аралык мамилелер факультетинин 9 студенти, 1 магистранты жана чыгыш таануу жана тарых факультетинин 1 студенти 4-ноябрь күнү ОшМУнун жана Батыш Чех университетинин эки тараптуу келишимдеринин алкагында Чехияга жөнөп кетишет.

Жолушууга катышкан ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору Абдыганы Абдувалиев жана ОшМУ менен Батыш Чех университетинин кызматташтыгын бекемдөөгө салым кошуп келе жаткан ОшМУнун доценти Эрлан Камалов да студенттердин окууларына ийгилик каалап, алыскы чет жерде жүргөндө коопсуздук маселелерин сактап, жакшы окуп келүүлөрүн каалашты.

Учурда Батыш Чех университетинде ОшМУнун 4 студенти, 1 магистранты окуп жатышса, Батыш Чех университетинин 11 студенти ОшМУда билим алууда.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть