17:52 28 октября 2019

ОшМУнун студенттери Душанбе шаарындагы форумга катышты

2019-жылдын 24-27-октябрь күндөрү Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн «Тажикстан-Азия - 2019» аттуу IV студенттик форумга Ош мамлекеттик университетинин алдыңкы студенттеринен, магистранттарынан жана аспиранттарынан куралган 11 делегат катышып келди. Аларды эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, доцент Семетей Амиралиев жетектеп барды.

Тажик улуттук университети менен Алтай мамлекеттик университети уюштурган бул форумга Азиядагы 8 өлкөнүн: Россия, Армения, Кытай, Казакстан, Кыргызстан ж.б. 30дан ашуун окуу жайларынан (Казань федералдык, Тува мамлекеттик, Орус-Армян славян, Абай атындагы казак улуттук, педагогикалык, Караганда мамлекеттик индустриалдык, С.Айни атындагы тажик мамлекеттик педагогикалык, Самарканд мамлекеттик, Кыргыз улуттук, Кыргыз экономикалык ж.б. университеттер) 150гө жакын өкүл катышып, улуттар аралык достук мамилени бекемдешип, маданият аралык диалог жана аймактар аралык кызматташуу маселелерин таалкуулап, жаштар ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө багытталган, биргелешкен студенттик долбоорлорду пландоонун жана турмушка ашыруунун үстүнөн иштешти.

Борбор калаада өткөн бул жолугушуу «Чек арасыз билим», «Илимий жигердүүлүк», «Маданият аралык диалог», «XXI кылымдын лидерлери», «Жаштар чөйрөсүндөгү социалдык долбоорлор» деген 5 негизги багыттан туруп, Азия регионундагы окуу жайлардын ортосунда интеграциялык процесстерди кеңейтүүнү жана студенттердин, студенттик уюмдардын өз ара кызматташуусун күчөтүүнү максат кылды.

Иш-чара билим берүүчүлүк, маданий, спорттук жана экскурсиялык программалар менен коштолуп, аларга ОшМУнун студенттери активдүү катышып, жыйынтыгында 5 грамотага ээ болушту.

Делегация жетекчиси С.Амиралиев Караганда мамлекеттик индустриалдык, Тува мамлекеттик, Абай атындагы казак улуттук, педагогикалык, САйни атындагы тажик мамлекеттик педагогикалык университеттеринен эл аралык байланыштар боюнча проректорлору, кызматкерлери менен жолугушуп, эки тараптуу келишимдерди түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жыйынтыгында ар бир окуу жай форумдун ишине активдүү катышкандыгы үчүн ассоциациянын президенти, Тажик улуттук университетинин ректору, академик М.Имомзаданын колу коюлган дипломдор менен сыйланышты.

Ош мамлекеттик университети ушул жылдын сентябрь айынан баштап Азия университеттеринин ассоциациясына мүчө болуп келүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть