Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы жана Ош технологиялык университети 2019-жылдын 14-ноябрь күнү жалпы бүтүрүүчүлөр жана жумуш издеген жарандар үчүн «Бош жумуш орундары жарманкеси-2019» иш-чарасын өткөрөт.
Жарманкенин алкагында ОшТУнун бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи өткөрүлөт. Бүтүрүүчүлөргө мекемелер тарабынан жумушка орношуу жана практикадан өтүү боюнча жолугушуулар уюштурулат.
Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан жумуш издеген жарандар үчүн Ош шаарындагы, райондордогу, Бишкек шаарындагы жана чет өлкөдөгү мекеме-ишканалардагы 1500гө жакын бош жумуш орундары сунушталат.