10:52 4 ноября 2019

ОшМУ менен Батыш Чех университетинин кызматташтыгы бекемделет

Ош мамлекеттик университети менен Чехиянын Батыш Чех университетинин ортосунда келишимдерди кеңейтүү боюнча эки тараптуу макулдашууга кол коюлду.

Келишимдерге ылайык, эки окуу жайдын тектеш факультеттери бири-бири менен билим берүү, илим изилдөө, академиялык мобилдүүлүк, тажрыйба алмашуу алакаларын бекемдешет. Келишимдерге Батыш Чех университетинин ректору Мирослав Холечех жана ОшМУнун ректорунун милдетин аткаруучу Замирбек Божонов кол койду.

28-октябрда Батыш Чех университетинин ректору, профессор Мирослав Холечех баштаган делегация ОшМУга иш сапары менен келишкен. Делегациянын курамында чет өлкөлүк университеттин искусство факультетинин деканы Давид Щанс жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, эл аралык мобилдүүлүк боюнча координатору Мартина Полижилова бар.

2016-жылы эки университеттин ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө келишим түзүлгөн. Ага ылайык, жыл сайын эки университеттин студенттери, магистранттары академиялык мобилдүүлүк боюнча билим алышып, окутуучулар тажрыйба алмашып келишет.

Бүгүнкү күндө 100гө жакын ОшМУнун студенти академиялык мобилдүүлүк боюнча окуп келишкен. Учурда Батыш Чех университетинин 11 студенти ОшМУда билим алып жатса, ОшМУнун 11 студенти Батыш Чех университетине аттанышты. Ошондой эле 4 студент жана 1 магистрант Ерасмус+ программасынын алкагында Батыш Чех университетинде 1 семестр билим алып жатышат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть