11:08 4 ноября 2019

ОшМУнун профессору К.Зулпукаровго «Россиянын президентинин алдындагы Табигый илимдер академиясынын академиги» наамы ыйгарылды

Ош мамлекеттик университетинин профессору, университеттин ардагерлер кеңешинин төрагасы Капар Зулпукаровго Сочи шаарында Россия Федерациясынын президентинин алдындагы табигый илимдер академиясынын сессиясында эксперттердин сунушу менен аталган академиянын академиги наамы ыйгарылды.

Ошондой эле К.Зулпукаров жалпы жана орус тил илиминин, салыштырма-типологиялык жана тектештирме тил илиминин, синологиянын жана алтаистиканын өнүгүшүнө жана бул илимий тармактар боюнча бүтүндөй мектептердин түптөлүшүнө кошкон салымы үчүн Улуу Александрдын «Илимий жеңиш жана жаратмандык үчүн» ордени, Улуу Екатеринанын «Илимге жана агартуучулукка кылган кызматы үчүн» ордени, «Эмгек жана билим менен» ордени жана В.Вернадский атындагы алтын медаль менен сыйланды.

Лингвистиканын бир топ тармактарын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн профессор К.Зулпукаров буга чейин, Россиянын президентинин алдындагы Орус табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланып, «илимге сиңирген эмгеги» үчүн Петр Великийдин ордени жана М.В.Ломоносовдун медалы менен сыйланып, «Илимдин жана билим берүүнүн эмгек сиңирген ишмери», «Илимдин жана техниканын эмгек сиңирген ишмери», «Алтай жана син-тибет элдеринин лингвоэтногенетикалык биримдиги» илимий багытынын жана «Кыргызстандын салыштырма лингвоконцептологиясы илимий мектебинин негиздөөчүсү» ардактуу наамдарын алган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть