5-ноябрда Ош мамлекеттик университетинин ректордук кызмат ордуна шайлоо болуп өттү.
Шайлоодо жалпысынан 4 талапкер ат салышып, жыйынтыгында ОшМУнун ректору кызматына шайлоого катышуу үчүн катталган 4 талапкердин ичинен физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Кудайберди Кожобеков шайлоочулардын 96% добушуна ээ болду. Тизмеге жалпысынан 1 миң 737 шайлоочу катталган.
Университеттин буга чейинки ректору Каныбек Исаков Билим берүү жана илим министри кызматына дайындалган болчу.
Ректорлукка Кудайберди Кожобеков, Алтынбек Зулпукаров, Бибигүл Кошоева, Шайымбек Эгембердиев талапкерлигин койгон.