Ош технологиялык университетинин студенттер үйүнүн жашоочулары достук концертин өткөрүштү.
Концерт элдин тынчтыгын сактап, улуттар аралык ынтымакты, достукту бекемдөө максатында уюштурулду. Иш-чарага студенттер үйүнүн жалпы жамааты катышып, анда кыргыз, өзбек жана түрк улуттарынын ыр-бийлери аткарылды.