9:25 11 ноября 2019

ОшМУда жабык типтеги спорт комплекс пайдаланууга берилди

Ош мамлекеттик университетинде 6-ноябрда ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин аянтында курулган спорт комплексинин ачылыш аземи болуп өттү.

Салтанатка билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, ОГПИнин ректору Бекмурза Зулуев, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

Өз сөзүндө К.Исаков учурдагы агартуу тармагындагы аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берип өттү. Ошондой эле кызыл тасмасы кесилип жаткан спорт комплексинен алдыңкы спортчулар чыгышына тилектештигин билдирип, өзү ала келген волейбол жана баскетбол топторун белекке берди.

ОшМУнун ректору К.Кожобеков курулуш иштери август айынын орто ченинде башталып, бүгүнкү күнү заманбап, бардык шарттары менен пайдаланууга берилип жатканын айтты.

«Жаштарды колдоо, окуу жайдагы мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу үчүн ушундай спорт комплекстерди, имараттарды кура бермекчибиз. Жакында эле ОшМУнун Ак-Буура кампусунда эки окуу корпусунун курулушу башталды. Ошондой эле 2 волейбол, 2 баскетбол аянтчаларынан турган ачык асман алдындагы спорт комплекси ачылды. Мунун баары ОшМУнун ички каражатынын эсебинен ишке ашып жатат», - деди ал.

Спорт комплекси спорттун волейбол, баскетбол жана гимнастика түрүнө ыңгайлашкан, узундугу 40 метрди, туурасы 20 метрди түзөт. Заманбап шарттар менен ыңгайлашкан спорт комплексте балдар, кыздар үчүн жуунуучу, кийинүүчү жайлар каралган.

Кызыл тасма кесилген соң келген коноктор спорт комплексинин шарттары менен таанышып, волейбол оюнуна күбө болушту.

Учурда ОшМУда спорттун бир нече түрлөрү боюнча курама командалар бар. Спорттун волейбол түрү боюнча балдар, кыздар командалары универсиадада жогорку лигада ойношот. Балдар командасы жогорку лиганын 2019-жылкы чемпиону болушкан. Ал эми баскетбол боюнча балдар курама командасы 1-лигада, кыздар командасы жогорку лигада, футбол курама командасы жогорку лигада оюн көрсөтүшөт.

Эми бул спорт комплексте спорттук иш-чаралар, спартакиадалар өткөрүлүп турмакчы.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть