Ош технологиялык университетинде Илим күнүнө карата салтанаттуу кече өткөрүлдү.
Иш-чара ОшТУнун ректору профессор Абдыкадыр Абидовдун куттуктоо сөзү менен башталып, алдыңкы кызматкерлери өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн, Ош шаардык мэриясынын жана ОшТУнун ардак грамоталары менен сыйланышты.
Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты.
Кеченин алкагында пленардык илимий баяндамалар окулуп, ОшТУнун маданий эстетикалык борбору тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.