2019-жылдын 12-13-ноябрь күндөрү Ош технологиялык университети бакалавр жана орто кесиптик билим берүүнүн 13 адистиги боюнча аккредитациядан өтүп жатат.
Учурда аталган агенттиктин 13 адамдан турган эксперттик комиссиясы өз ишин баштап, университетин материалдык-техникалык базалар менен таанышып, билим берүү процессин уюштуру, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу иш-аракеттерине байкоо жүргүзүүдө.
Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө студенттер, ата-энелер, окутуучулар, бүтүрүүчүлөр, социалдык өнөктөштөр менен маектешүүлөрдү өткөрүп, окутуучулардын сабактарына катышууда.