12:51 19 ноября 2019

ОшМУда «Орто Азия мамлекеттеринде социалдык иштер боюнча кадрларды даярдоо тенденциялары жана көйгөйлөрү» аттуу эл аралык илимий-практикалык семинар уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинде 18-19-ноябрда «Орто Азия мамлекеттеринде социалдык иштер боюнча кадрларды даярдоо тенденциялары жана көйгөйлөрү» аттуу эл аралык илимий-практикалык семинар уюштурулду.

Алгачкы күнү коноктор ОшМУнун социалдык иштер кафедрасынын жамааты менен биргеликте эл аралык семинарга катышты. Экинчи күнү социалдык иштер кафедрасынын практикалык базаларында болушуп, келишим түзүлгөн уюмдардын ишмердүүлүктөрү менен таанышты.

Семинарга Тажикстандын Тажик улуттук университетинин, Өзбекстандын Мирзо Улугбек атындагы Улуттук университетинин жана Ош, Жалал-Абад облустарындагы 6 жогорку окуу жайдын социалдык иштер кафедраларынын өкүлдөрү, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү, бул тармакта кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүп келе жаткан коомдук фонддордун жетекчилери катышты.

Тажикистандан маалыматтык технологиялар факультетинин деканы, профессор Субхон Ашуров, Илимий-изилөөчү институттан Навруз Джафаров, Тажик-Славян университетинин доценти Валиджон Абдухамитов, Өзбекстандан профессор Марифат Ганиева, кафедра башчы Нодира Латипова, Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министрлигинен Кудратулло Курбанов жана башкалар конок катары катышты.

Алгач келген коноктор ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, пикир алышты. Семинардын катышуучулары ОшМУнун социалдык иштер кафедрасы менен болгон байланыштары, кызматташтыктары боюнча айтышты. Учурда социалдык кызматкерлерди даярдоо багытында жасалып жаткан иштер, алдыдагы кызматташтык алакалар боюнча маалымат алмашуу жүрдү.

Семинарга келген коноктор тегерек столдо чогулуп, учурдагы социалдык кызматкерлерди даярдоо багытында жаңыча билим берүү программаларын иштеп чыгуу, бул багыттагы артыкчылыктарды жана көйгөйлөрдү ортого салышты. Ошондой эле бул багытта ОшМУнун жүргүзүп жаткан алдыңкы тажрыйбалары жайылтылды. Семинарда ОшМУнун социалдык иштер кафедрасынын доценти Нурзинат Токторбаева модераторлук кылды.

2018-жылы Өзбекстанда, 2019-жылы Тажикистанда кызматташтыктар боюнча келишимге кол коюлган. Аталган жыйындарга ОшМУнун социалдык иштер кафедрасынын улук окутуучусу Кундуз Каримова катышып келген.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть